Америкалык ойлоп табуучу, конструктор, жеке ишкер Уильям Лир 76 жаш курагында дүйнө салган.
Техника тармагында атын тарыхта калтырган Уильям Лир 1902-жылы 26-июнда АКШнын Мичиган штатынын Ганнибал шаарында туулган. Уильям кичинекей кезинен техника менен электроникага кызыга баштайт. Китеп окууга да көп убакытын коротот. Мунун баары ага ийгилик алып келет. Тактап айтканда, 12 жашында радиоприёмникти ойлоп таап, Морзенин алиппесин үйрөнгөн.
Мектептен пайдалуу бир нерсеге үйрөнөм деп үмүттөнгөн Лирдин ою ордунан чыкпайт. Ошол себептүү мектептен көңүлү калып, 8-класста эле окууну таштап коёт. 17 жашында үйүнөн качып, Голливудга барып өз бактысын табууга аракет кылат. Тилекке каршы, ал жактан бактысын таба албай, 20 жашында Денвердеги деңиз флотуна аскердик милдет өтөөгө барат. Дал ошол жерден техника тармагынан жашоодогу өз жолуна түшөт.
60 жашында жасаган учагы аркылуу дүйнөгө таанылган Лирге массалык маалымат каражаттары Төрө Лир деген каймана атты ыйгарышкан. Ал 8 класстык гана билими болсо да, табият берген таланты менен адам баласынын жашоосун жаңы нукка бура алган. Лир эмгек жолунда жалпысынан 150 патент алууга жетишет. Анын көпчүлүгү жогорку техникалык электроника жана авиациялык техника тармагына таандык. Алардын арасында (1924-жыл) автомобилдик радиоприёмник, авиациялык курстук систем (1946), автопилот (1949), реактивдүү учак (1963) жана башкалар бар. Лирдин тапкычтыгы ар дайым айланасындагыларды таң калтырып келген. Себеби “бул нерсени жасоо мүмкүн эмес дебегилечи” деген сөздү айтуу менен көп нерсени жасаганга жетишкен.
Уильям 1939-жылы “Лир Инк” компаниясын негиздеп, автопилот аппаратын чыгара баштайт. Мындай аппараттарды Экинчи дүйнөлүк согушта 100 миллионго жакын чыгарып сатышат. Бул жылдары Уильям көп киреше таап, Швейцариядан аянты 27 миң чарчы метрлик Ле Ранч аттуу жер ээлигин сатып алат.
Бир ирет Ле Ранчка учуп баратып эски, талкаланган истребитель учагын көрөт да, анда жаңы идея жаралат. Көп өтпөй жаңы реактивдүү учакты куруу идеясы менен компаниянын Директорлор кеңешине кайрылат. Бирок бирөө да аны колдобой коёт. Ошондо инноватор өзүнө гана ишенип ишин баштайт. Алгач “Лир Инкти” сатып, андан түшкөн акчанын баарын жаңы учак курууга жумшайт. Ошентип, АКШнын Канзас штатында “Лир Жет” компаниясын негиздейт. Профессионал инженерлер анын киришкен ишин угуп, алгач шылдыңдап күлүшөт. Алардын ою боюнча, эч кандай техникалык билими, авиация боюнча түшүнүгү да жок адамдын килейген учакты жасоосу мүмкүн эмес эле. “Лир учак жасаган күндө да, анысы учпайт” дешкен алар. Лир швейцариялык Р-16 реактивдүү истребителин өнүктүрүп, 1963-жылы реактивдүү Лир Жет учагын жасап чыгат. Бир жылдын ичинде ал модага айланып, каалоочулардын саны абдан арбыйт. Ал анык инноватор катары дагы жаңы нерсени ойлоп табуу үчүн 1966-жылы Лир Жетти сатып жиберет.