23- Май 1430 -жылыЖанна д'Арк саткындардын жардамы менен бургундиялыктар тарабынан туткунга түшүрүлгөн
Франциянын улуттук баатыры, аскер башчысы Жанна д'Арк саткынчылардын жардамы менен бургундиялыктар тарабынан туткунга түшүрүлгөн. Жанна д'Аркка милдеттүү болгон Франциянын падышасы Карл аны куткарууга аракет да кылган эмес. Көп өтпөй бургундиялыктар Жаннаны англиялыктарга 10 миң алтын ливрга сатып жиберишкен. 1430-жылы ноябрь жана декабрь айларында Жанна Руанга жеткирилген.
Жанна д'Арк динге каршы көз карашы үчүн айыпталып, аскер туткуну катары англиялыктардын кайтаруусунда болгон.
1431-жылы 30-майда Руандын Эски базарынын аянтында өрттөлүп өлтүрүлгөн.