15- Май 1995 -жылы
Кытай өзөктүк бомбанын кезектеги сыноосун өткөргөн
Кытай өзөктүк бомбанын кезектеги сыноосун өткөргөн. Жардыруу Такла-Макан чөлүндө жасалып, адистердин айтымында, кытайлыктар шамал Орто Азияга соккон маалга тушташ сыноону баштаган жана мындан Кыргызстандын экологиясы жабыр тарткан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги сыноону айыптап атайын билдирүү жасаган. Билдирүүдө Кыргызстандын табиятына, адамдардын ден соолугуна залака келгени белгиленген.