Балбан Арсен Эралиев Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында туулуп-өскөн. Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Арсен Эралиев 2006-жылы Таиланддын борбору Бангкокто өткөн уландар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль уткан. 2007-жылы Филиппин өлкөсүнүн Манила шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 1-орунду ээлеп, чемпион аталган. 2007-жылы Кытайдын Бээжин шаарындагы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло байгелүү болгон. 2008-жылы Түркиянын Стамбул шаарында өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалга арзыган. 2011-жылы Ташкенттеги чоңдор арасындагы Азия чемпиондугунда 55 кг салмакта чемпион аталып, алтын медаль тагынган. 2011-жылы Польшанын Рада шаарында Эл аралык турнирде 1-орунду ээлеген. Арсен Эралиев Кыргыз Республикасынын көп жолку чемпиону, ошондой эле 2011-жылы Азиянын чемпиону болсо, 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарына катышып келген.