Кытайлык кыргыз ырчысы Арзыгүл Турган Кытайдын Үч-Турпан деген айылында төрөлгөн. Мектепти бүткөндөн кийин Үрүмчүдөгү Синьцзян педагогикалык университетинин музыка бөлүмүндө 3 жыл, андан соң Шанхай көркөм өнөр филармониясында 2 жыл окуган. Окуу жайларда музыкадан сабак берип иштеген.