15- Май 2013 -жылы "Жер-Үй" кенине жакын Таластын Чат-Базар айылында нааразычылык акциясы башталган
"Жер-Үй" кенине жакын Таластын Чат-Базар айылында нааразычылык акциясы башталган. Акцияга облустун баш-аягынан 100 чамалуу киши чогулган. Алар "Кумтөр" маселеси чечилмейин "Жер-Үй" кенин иштетүүгө каршы турарын айтышкан.
Аталган алтын кени боюнча тендер 5-апрелде жарыяланган. 10-майга чейин кызыккан инвесторлор өздөрүнүн сунуштары менен документтерин тапшыруулары керек болгон. Сынакка бир гана британиялык "Континент финанс" аттуу компания документтерин тапшырган. Шарт боюнча, кеминде эки инвестор болуш керек болуп, ошондуктан тендер болбой калды деп жарыяланган.
"Жер-Үйдө" 90 миң тонна алтын, 13 тоннадай күмүш запасы болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан