17- Май 1960 -жылы
Советтик делегация Париж шаарында өткөрүлчү куралсыздандыруу маселесине арналган төрт держава жетекчилеринин жогорку деңгээлдеги конференциядан чыгып кеткен
Советтик делегация Париж шаарында өткөрүлчү куралсыздандыруу маселесине арналган төрт держава жетекчилеринин жогорку деңгээлдеги конференциядан чыгып кеткен. Советтик компартия лидери Н.С.Хрущёв буга чейин Свердлов шаарына жакын жерден атылып түшүрүлгөн америкалык У-2 чалгындоо учагына байланыштуу нааразычылык билдирген. Советтик жетекчилик чалгындоо максатында учууларды токтотууну жана бул боюнча Америка Кошмо Штаттарынын кечирим суроосун талап кылган. АКШ президенти Дуайт Эйзенхауэр талапты четке каккандыгына байланыштуу конференция ишин баштай элек жатып таратылууга мажбур болгон.