17- Май 2013 -жылы"Супер-Инфо" гезитинин "Суперфутбол-2013" мелдеши башталган
Бишкектеги "Дордой" спорт комплексинде "Супер-Инфо" гезитинин "Суперфутбол-2013" мелдеши башталган. Иш-чаранын алпаруучулары Эркин Рыскулбеков менен Нурзат Токтосунова болуп, мелдеш "Супер-Инфо" гезитинин гимни менен ачылган. Андан соң мелдешке катыша турган 18 команда чүчүкулак кармоо аркылуу оюндар башталган. Ал эми көк майсаңда эл аралык даражадагы калыстар оюнга көз салышкан.