17- Май 2013 -жылыАлмазбек Атамбаев 18 энеге “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” сыйлыктарын тапшырган
Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев “Энелер күнүнө" карата 18 айымга “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” сыйлыктарын тапшырган. Кыргызстандын ар бир облусунан эң кары жана эң жаш Баатыр энелер келген.
Ал эми өлкө боюнча “Баатыр эне” наамы 9106 энелерге берилсе, “Эне даңкы” наамы 1381 айымга ыйгарылган.