17- Май 2014 -жылы Энелер күнү
Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембиси "Энелер күнү" катары белгиленип келет. Быйыл аталган майрам 20-майга туш келген. 
Бул күн энелердин коомдогу ордун, статусун бир топ жогорулатып, энелерге көңүл бурууга арналган күн болуп калмакчы.
Дүйнө жүзүндө жалпысынан алганда бардык өлкө бул майрамды белгилешет. Ар биринде анын атайын күнү аныкталган. Ар бир өлкө өзүнүн маданиятына, салтына, ырым-жырымына таянып, салттуу түрдө белгилеп келишет.
Америка Кошмо Штаттарында “Энелер күнүн” май айынын экинчи жекшембисинде майрамдашат. Бул майрамды биринчи жолу 1872-жылы белгилешкен.
Байыркы Грецияда жаз айында баардык Кудайлардын энеси Геянын күнү белгилешкен. Ошондуктан Мальтада “Энелер күнүн” белгилөө байыртадан келе жаткан, байыркы Римден баштап биздин заманга чейин сакталып калган салт болуп эсептелет.
Германияда бул майрамды 1923-жылдан баштап белгилешет. Украинада 1929-жылдан баштап белгилешкени менен, кийин унутуп калышкан. Орусияда “Энелер күнүн” 1998-жылдан баштап ошол убактагы президент Борис Ельциндин буйругунун негизинде ноябрь айынын акыркы жекшембисинде майрамдап башташкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан