Актриса, ырчы Алиман Дүйшеналиева Каракол шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн. “Теңири”, “Жаным”, “Уурунун махабаты”, “Гаишниктер”, “Кызыл көйнөкчөн-2”, “Сүйө бил” (“Умей любить”) деген тасмаларга тартылган.