20- Май 1988 -жылы Балбан Нурбек Кожобеков туулган
Балбан Нурбек Кожобеков Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Кыргызстан айылында туулган. Мектепти аяктаган соң И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырган. 
Нурбек Кожобеков бел боо күрөшү боюнча Азиянын чемпиону (2012-жыл), Дүйнөнүн вице-чемпиону (2012), 2013-жылкы Бүткүл Дүйнөлүк Универсиаданын жеңүүчүсү.
2014-жылы сентябрь айында Ысык-Көлдө болгон Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз жана казак күрөшүнүн 90 килограммга чейинки салмактагы жеңүүчүсү болуп эки алтын медаль тагынган. 
2014-жылы ноябрь айында Ашхабадда өткөн Бүткүл Дүйнө чемпиондугунда бел боо күрөшү боюнча 1-орунду алган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан