21- Май 1932 -жылы Кыргыз облустук ВКП (б) комитети Фрунзе шаарындагы советтик сооданы өнүктүрүүгө белсене киришкен
Кыргыз облустук ВКП (б) комитети Фрунзе шаарындагы советтик сооданы өнүктүрүүгө белсене киришкен. Партиялык чечимге ылайык шаардын айланасындагы элүү беш колхоз чарбалары борбордун өнөр жайларын айыл чарба продукциялары менен камсыз кылууга милдеттендирилген. Анткен менен эки тараптын тең партиялык көрсөтмөнү толук аткарууга чолосу тийген эмес. 
Ошол кездеги обком партиянын биринчи катчысы Александар Шархрайдын маанилүү чечимди аткарбаган кызматчыларды кызматтан ала тургандыгын билдиргенине карабастан, айрым жетекчилер буйрукка баш ийген эмес. Чарба жетекчилеринин айтымында, элет калкы ансыз да жакырчылыктын азабын тартып, тамак-аш шаарга эмес жеке керектөөдөн артпай калган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан