21- Май 1898 -жылы
Америкалык ишкер Арманд Хаммер туулган
Америкалык ишкер Арманд Хаммер туулган. Ал өз убагында учурдан пайдаланып Советтер Союзундагы искусство үлгүлөрүн текейдей арзан топтоп, Америкага чыгарып кеткен. Арманд Хаммер 1921-жылы В.И.Ленинге колунда адамдын баш сөөгүн кармап Ч.Дарвиндин "Түрлөрдүн жаралышы" аттуу китебине колодон жасалган маймылдын айкелин белекке берген. В.И.Ленин белекке ыраазычылыгын билдирип, "эгер Советтер Союзу жана Америка өз алдынча тынчтык өнүгүүсүн улантпаса, маймылдар анда адамдардын баш сөөгүн колдоруна кармашып, бул эмне деген нерсе эле деп ойлонгон кез келет" деген экен. Бүткүл дүйнөлүк пролетарийлер жетекчисинин метафорасы жаш америкалыкка зор таасир калтырып, ал Советтер Союзу менен кызматташууну андан да жандандырган.