22- Май 1917 -жылы Үркүндө Кытайга качкан кыргыздар кайра Кыргызстанга көчүп келе башташкан
Падышачылык бийликтин саясатына каршы чыккан 1916-жылкы көтөрүлүштүн айынан Кытайга качкан кыргыздар кайра Кыргызстанга көчүп келе башташкан. 
Жер которгон кыргыздардын саны 100 миң чамалап, алар Пишпек жана Пржевальск уезддерине жайгаштырылган. Качкындар үчүн курулган атайын комиссия аларга үй-жай бөлүп берүү жана алгачкы жардам көрсөтүү сыяктуу маселелерди чечкен. Качкындар маселеси жана аларды жайгаштыруу ишин убактылуу өкмөт өкүлдөрү менен Ташкент кеңешинин депутаттары аткарышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан