22- Май 1856 -жылы Москвадагы Третьяков галереясы негизделген
Москвадагы Третьяков галереясы негизделген. Третьяков галереясы Орусиядагы эң биринчи музейлерден болуп саналат. Третьяковдордун үй-бүлөсү 1851-жылдын аягында Лавруш чолок көчөсүнөн үй сатып алган. Третьяков Павел Михайлович биринчи картинасы Николай Шиндлердин сүрөтүн сатып алып, ошондон тарта анын коллекциялары кичинеден чогула баштаган. 1867-жылы атайы коомчулук үчүн “Павел жана Сергей Третьяковдордун Москва шаарындагы галереясы” деген аталыштагы көргөзмөнү уюштурат. Алар көргөзмөгө 1276 картина, 471 сүрөт, 10 скульптуралык эмгекти жана чет өлкөлүк кыл калемдердин 84 картинасын коюшкан. 1892-жылы Павел Третьяков өзүнүн көркөм галереясын белек катары Москва шаарына өткөрүп берген. Ал убакка чейин, анын коллекциясында 1287 живопистик жана 518 графикалык чыгарма, 75 картина жана европалык мектептин 8 сүрөтү, 15 скульптура эмгектери пайда болгон. Бир жылдан кийин ал галерея коомчулук үчүн Третьяковдордун ысымын алган музей катары расмий түрдө ачылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан