23- Май 1941 -жылы
Борбор шаардын четиндеги Лебединовка айылынан аккан суудан археологиялык баалуу материалдар табыла баштаган
Борбор шаардын четиндеги Лебединовка айлынан аккан суудан археологиялык баалуу материалдар табыла баштагандыгы коомчулуктун көңүлүн бийлеген окуяга айланган. Жергиликтүү калк мындан Будданын алтын айкелин, тоту куш кеби салынган алтын шакек сыяктуу кун жеткис буюмдарды табышкан. Адамдар алардын көпчүлүгүн шаардагы алтын сатып ала турган дүкөндөргө, бир даарын Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешине караштуу Илим комитетине тапшырышкан.