24- Май 2010 -жылы
уюшкан топ Жумабек Зикирбаев, Чыңгыз Мамытов жана Улан Кожоев Биринчи Май райондук сотунун имаратынан конвой Атамбаевди өлтүрүп, качып чыгышкан
“Зикирбаевдин бандасы” аталган кылмыштуу топ УККнын СИЗОсунан 1-Май райондук сотуна алып келинген. Баш-аягы 30 чактыдай кылмыш ишине күнөөлөнгөн бул топто 8 адам болгон (Жумабек Зикирбаев, Улан Кожоев, Чыңгыз Мамытов, Сулайманов, Молутбеков, Келдибеков, Жумабаев, Шералиев).
Саат 14:00дө сот процесси башталып, ал аяктаганда кылмышкерлерди темир торлуу бөлмөгө алып барышкан. Бул бөлмөдөн уруксатсыз сыртка чыгуу мүмкүн эмес болгон. Кылмышкерлерди карап турган 15 чактыдай күзөтчү өз кызматында болгон. Болжол менен саат 17:00дөрдө лейтенант Таалай Атамбаев сегиз кылмышкердин арасынан үчөөнү, тактап айтканда, Жумабек Зикирбаев, Чыңгыз Мамытов жана Улан Кожоевди күзөтчүлөр эс ала турган чакан кабинетке алып кирип кеткен. Ал күзөтчүлөрдүн башчысы болгондуктан, ага эч ким каршылык көрсөткөн эмес. Атамбаев артынан эч ким кирбешин айтып, эшикти жаап алган. Арадан көз ирмемдей убакыт өткөндө атылган октун үнү чыгып, тапыр-тупур боло түшкөн. Натыйжада кишенчен кылмышкерлер темир торлуу терезени сындырышып, даяр турган машинага түшүп, көздөн кайым болушкан. Үч жолу ок тийген лейтенант Атамбаев ошол жерде каза болгон.
Оперативдүү топтун аракети менен качкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кайрадан кармалып, кармоо учурунда топтун башчысы Зикирбаевге ок жаңылып каза болгон.