24- Май 1945 -жылы коомдук ишмер, саясатчы Бекмамат Осмонов туулган
Коомдук ишмер, саясатчы Бекмамат Осмонов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Беш-Бадам айылында туулган. 1-класска ушул эле райондогу Акман айылынын мектебине барган. 1963-жылы Фрунзе шаарына келип, Айыл чарба академиясына тапшырып, ал жерден зоотехник кесибине ээ болуп чыккан.
Эмгек жолун Ош облусундагы асыл тукум кой заводунда зоотехник болуп иштөөдөн баштап, 26 жашында "Чоң-Алай" совхозунун башчысы болууга жетишкен. Андан ары көтөрүлүп отуруп, Алай райондук аткаруу комитети, Ош облустук комитети, Токтогул райондук комитети, Жалал-Абад облустук кеңешинде жетекчилик кызматтарда иштеген. Жогорку Кеңештин 2 чакырылыштагы, анын ичинде "легендарлуу парламенттин" депутаты болгон.
1991-жылы Жалал-Абад дубанынын биринчи губернатору болуп шайланган. Бирок бийликтин кысымы менен бул кызматтан отставкага кетүүгө мажбур болгон.
Көзү өтүп кеткенге чейин Токой башкаруу агенттигинин төрагасынын орун басары болуп турган. Осмоновдун демилгеси менен Жалал-Абад телерадиокомпаниясы негизделген. Анын жетекчилигинин алдында Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгы, Жоомарт Бөкөнбаевдин 80 жылдыгы өткөрүлгөн.
Бекмамат Осмонов жүрөгүнө жасалган операциянын эртеси, 1997-жылы 28-октябрь күнү дүйнөдөн кайткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан