12- Июль 1944 -жылы Театр жана кино артисти Таттыбүбү Турсунбаева туулган
Театр жана кино артисти, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева Нарын облусунун Чаек айылында төрөлүп, Жумгал районунун Чаек айылында орус орто мектебин бүтүргөн.
1960-жылы 16 жашында "Салиманын ыры" аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган.
17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы институтунун "Драма жана кино актёру" факультетине тапшырган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.
Театрда дүйнөлүк жана советтик классикасынан У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30 дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан: Жульетта ("Ромео жана Жульетта"), Амелия ("Бернарда Альбанын үйү"), Фелисьяна ("Бий мугалими"), Асел ("Делбирим"), Анвар ("Фудзиямадагы кадыр түн") жана башкалар. Ошону менен бирге кинодо да жаркын элестерди жараткан.
Таттыбүбү Турсунбаева Кыргызстандын эл сүйгөн эң атактуу актрисасы болгон. Анын сулуулугу бүтүн кыргыз элин суктандырган. Аны Кыргызстанда "сахнанын ханышасы" деп аташкан. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, ролдорун жеткиликтүү аткарган. Ал "Ак Мөөр" тасмасында башкы каармандын, ал эми "Кызыл алма" фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон. "Ак Мөөр" фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар "Соң-Көл чүрөгү" деп аташкан. Тилекке каршы, анын өмүрү кыска болгон. Ал 1981-жылы 21-декабрда 37 жашында бул дүйнөдөн кайткан.
Тартылган тасмалары:
1960-жыл - "Салиманын ыры"- Салима
1965-жыл - "Эң тил алчаак" - Айзада
1967-жыл - "Саманчынын жолу" - Жаш Толгонай
1968-жыл - "Ак-Мөөр" - Ак Мөөр
1971-жыл - "Отко таазим" - Уркуя
1972-жыл - "Ак куулар конгон айдың көл" - Зейнеп
1973-жыл - "Атадан калган туяк" - Жээнгүл
1974-жыл - "Сүйүүнүн жаңырыгы" - Асия
1975-жыл - "Кызыл алма" - Бейтааныш сулуу
1975-жыл - "Арман"
1976-жыл - "Алтын күз"
1979-жыл - "Процесс"
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан