26- Май 1868 -жылы
АКШнын Сенаты өлкө президенти Эндрю Жонсонду кызматынан кетирүү үчүн добуш бере башташкан
Америка Кошмо Штаттарынын Сенаты өлкө президенти Эндрю Жонсонду кызматынан кетирүү үчүн добуш бере башташкан. Эндрю Жонсон буга чейин вице-президент болуп иштеп, Авраам Линкольн өлтүрүлгөндөн кийин президенттик кызматка келген. Америкалык Сенат аны кызмат абалынан кыянат пайдаланды деп күнөөлөгөн. Сенат бул таймашта жеңилгени менен Эндрю Жонсондун саясий лидерлик баркы төмөн түшкөн.