27- Май 2002 -жылы
Президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен типографиялык-басма ишин көзөмөлдөй турган өкмөттүн көрсөтмөсүн жокко чыгарган
Президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен типографиялык басма ишин көзөмөлдөй турган өкмөттүн көрсөтмөсүн жокко чыгарган. Мамлекет башчысынын жарлыгы өлкөнүн коомдук жана мамлекеттик жашоосундагы маалымдоо каражаттарынын ролун арттырууга арналып, анда каралган багыттар эл аралык уюмдар тарабынан оң бааланган. Мындан тышкары жарлыкта Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясына караштуу башында мамлекеттик катчы турган коомдук көзөмөлдөө кеңешин уюштуруу маселеси каралган.