Өлкөдөгү бийликтин туруксуз саясатына нааразы болгон "Реформа үчүн" кыймылы Бишкек шаарында тынч митинг өткөргөн. Митингде 10 пункттан турган резолюция кабыл алынып, эгер алар күзгө чейин аткарылбаса, Бакиев-Кулов тандеминин кызматтан кетүүсүн талап кылган. “Реформа үчүн” кыймылдын жетекчилеринин бири жана митингди алып барган М.Эшимкановдун айтымында, митингге 30 миң чамалуу адам катышкан.