Орусияда сойкулук өзгөчө Екатерина IIнин тушунда күч алган. Алар эртең менен кадимки эле жумушуна кеткендей кетип, сойкулукту кадимки кесипке айландырышкан. 17-кылымда Орусияда биринчи сойкукана ачылган. Петр Iдин тушунда Орусияда жоокерлердин көбөйүшү менен сойкулардын кызматына муктаж болгондор кескин өскөн. Өз денесин саткан аялдар көбөйгөнүнөн 1844-жылы 29-майда Орусия империясында сойкулар үчүн бир катар эрежелер пайда болгон. Ал эрежеде ар бир сойку бир күнгө 5-6 гана кардарды тейлөөгө акылуу экендиги жазылган. Бирок бул эреже киргизилгени сойкулардын баасы жогорулай баштаган.