Советтик жана орусиялык актёр Александр Абдулов Орусиянын Тобольск шаарында театр кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Гавриил Абдулов Александр төрөлгөндөн кийин Фергана драмалык театрын негиздеп, үй-бүлөсү менен ошол жакка көчүп кеткен. Ошентип актёрдун балалыгы Фергана өрөөнүндө өткөн. Апасы Людмила Абдулова театрда гримдөөчү болуп эмгектенген. Александр Абдулов 5 жашында атасы жетектеген Фергана драмалык театрынын сахнасында алгачкы жолу эл алдына чыгып, биринчи ролун жараткан. Мектепти аяктагандан кийин кино жана театр жаатында билим алуу максатында Москва шаарына жол тартат. Сынактардан өтпөй калганына байланыштуу кайрадан Ферганага кайтып келген. Апасы уулун аскерге жөнөтпөөнүн айласын таап, педагогикалык институттун дене тарбия бөлүмүнө киргизип коёт. Кийинчерек болочок актёр бүткүл өмүрүн спортко арноону чечип, кылыч менен чабышуу боюнча “СССРдин спорт чебери” деген наамдын ээси болууга жетишкен. Ошол эле учурда музыка менен да алектенип, автордук ырларын жараткан. Ошентсе да кийинки жылы Москва шаарындагы Мамлекеттик театралдык искусство институтуна (ГИТИС) ийгиликтүү тапшырган.
Александр Абдулов кино дүйнөсүнө 1974-жылы аралаша баштаган. Актёрдун кинодогу эң алгачкы кадамы “Витя, Маша жана деңиз аскерлери жөнүндө” аттуу тасмадан башталган. Ал эми чыныгы атактуулук актёрго “Кадимки сыйкыр” аттуу фильминдеги ролунан кийин баш ийген. Анын эмгегинен жаралган дагы бир популярдуу кино – “Сүйүктүүңөр менен ажырашпагыла”. Андан кийин эле Абдулов катышкан “Так ошол Мюнхгаузен” (1979), “Сыйкырчы” (1982), “Свифт курган үй” (1983), “Сүйүүнүн эрежеси” (1984) жана башка кинолор биринин артынан бири жарык көрө баштаган.
Александр Абдулов жалпысынан 140ка жакын фильмде роль жараткан. Акыркы жылдары “NEXT” сериалында, “Сүйүү жөнүндө”, “Муз доору”, “Капкан”, “Артист кыз”, “Лузер” сыяктуу тасмаларында аткарган ролдору аркылуу элдин жүрөгүнө сиңген. 1986-жылы “СССРдин Эмгек сиңирген артисти”, 1991-жылы “Орусиянын Эл артисти” наамдарынын ээси болгон. Ошондой эле 1997-жылы Ардак ордени, 2007-жылы “Мекенине сиңирген эмгеги үчүн” IV даражадагы ордени менен сыйланган.
2007-жылдын август айынан баштап ден соолугуна байланыштуу тасмага тартылууну убактылуу токтото туруусуна аргасыз болуп, врачтардын көзөмөлүнөн өткөн эле. Алгач ашказан жарасынан операция болгон. Андан соң чет элдик догдурлардан кеңеш алуу үчүн Израилге учкан эле. Ал жактан "IV даражадагы өпкө рагы" деген диагноз коюулуп, дарылана баштайт. Тилекке каршы, 2008-жылдын 3-январь күнү атактуу актёр Александр Абдулов каза болгон.