13- Июнь 1942 -жылы
Франклин Рузвельт болочокто ЦРУга айланган АКШнын Стратегиялык кызматтар башкармалыгын ачуу туурасында чечим чыгарган
АКШ президенти Франклин Рузвельт Борбордук чалгындоо кызматына (ЦРУ) караштуу Стратегиялык кызмат Башкармачылыгын ачуу туурасында чечим чыгарган.
АКШ Экинчи дүйнөлүк согушка катыша элегинде чалгындоо менен өкмөттүн мекемелеринин атайын уюмдары алектенишкен. Аларды биримдиктүү башкаруу органы жок болгон.
Экинчи дүйнөлүк согушта Перл-Харбор согушундагы АКШлыктардын жеңилүүсү Борбордук чалгындоо кызматын ачууга түрткү берген.
Президентке Борбордук чалгындоо кызматын ачуу сунушу менен Биринчи дүйнөлүк согушунун ардагери Уильям Жозеф Донован кайрылган. Сунушун президент колдоп, өзүн Борбордук чалгындоо кызматынын башчысы кылып бекиткен.