31- Май 1962 -жылы
Мексикалык актриса жана телеалпаруучу Виктория Руффо төрөлгөн
Мексикалык актриса жана телеалпаруучу Виктория Руффо Мехикодо төрөлгөн. Актрисанын толук аты-жөнү – Виктория Эухениядель Рио Морено Руффо. Актрисалык карьерасын 1980-жылы “Бир врачтын маселеси” аттуу теленовеллага тартылуу менен баштаган. Андан соң “Мен кызыл өң менен жашайм” деген тасмага тартылган. 1989-жылы “Жөн эле Мария” аттуу сериал актрисанын багын ачып, жөнөкөй актрисалыктан мегажылдызга айланткан.