2- Июнь 2012 -жылы
Америкалык актриса Кэтрин Жустен каза болгон
Америкалык актриса, “Эмми” сыйлыгынын эки жолку ээси Кэтрин Жустен 72 жашында оорудан улам каза болгон.
Кэтрин Жустен актёрлук карьерасын 1984-жылы "Грэндвью" тасмасында баштаган. Кийин "Феникс", "Заложник", "Интеллектуальная собственность" ж.б. тасмаларында, "Западное крыло", "Новая Жанна Д’Арк", "Отчаянные домохозяйки" сыяктуу сериалдарда жүздөн ашык ролдорду жараткан.