Орусиялык муз үстүндөгү бийчи Юлия Липницкая Орусиянын Екатеринбург шаарында туулган. 4 жашында Екатеринбург шаарындагы "Локомотив" спорт мектебиндеги Елена Левковец жана Марина Войцеховская аттуу машыктыруучулардын тобуна кирген. Екатеринбургда 7 жыл муз үстүндөгү бий менен машыккан соң андан ары өсүүсү үчүн 2009-жылы Москвага көчүп келишкен. Ошентип, ал Москвадагы №37-спорттук мектепте Этери Тутберидзенин карамагында машыккан.