Жазуучу, драматург, коомдук жана саясий ишмер Султан Раев Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылында төрөлгөн. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1984-2002-жылдарга чейин республикалык басма сөздөрдө иштеген, "Асаба" газетасынын башкы редакторунун орун басары, "Кыргыз руху" газетасынын башкы редактору, "Азаттык" радиосунун саясий баяндамачысы болгон.