2- Июнь 1955 -жылы
Казакстандагы "Байконур” космодрому негизделген
Казакстандагы дүйнө жүзү боюнча эң алгачкы жана эң ири “Байконур” космодрому негизделген. Дүйнөдөгү эң ири космодромдон 1961-жылы 12-апрелде советтик космонавт Юрий Гагарин түшкөн Восток-1 космос кемеси учурулган. Казакстандын космос агенттиктери Байконурду Орусияга ижарага берүүдөн баш тарткандыгы тууралуу пикирлер бар. Бирок түндүктөн түштүккө 80 чакырым, чыгыштан батышка 130 чакырым кеңдиктеги космодромду Казакстан Орусияга 2050-жылга чейин жылына 115 миллион долларга ижарага берген.