4- Июнь 1923 -жылы Орусиялык этнограф, географ Дмитрий Анучин көз жумган
Орус антропологиясынын чыйыр салуучусу этнограф, географ, антрополог, археолог Дмитрий Анучин 79 жашында Москвада көз жумган. Дмитрий Анучин 1902-жылы "антропосфера" терминин сунуштаган.
Дмитрий Анучин 1843-жылы 27-августта туулган. Ал Орусияда биринчи ачылган география (1885-1923) жана антропология кафедраларын (Москва университети) башкарган. Анучин илимий эмгектеринде реакциячыл, расачыл теориялардын бетин ачып, антропологияга прогрессчил идеяларды киргизген. Октябрь революциясынан кийин советтик курулушка, Госпландын, Наркомпростун, илимий мекемелердин иштерине активдүү катышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан