1- Июнь 1973 -жылы немис актрисасы, модель, алып баруучу Хайди Клум туулган
Немис актрисасы, модель, алып баруучу Хайди Клум Германиянын Бергиш-Гладбах шаарында туулган. Хайди Клум 19 жашында Мюнхенде өткөн сулуулар сынагында 25 миң катышуучу кыздын ичинен жеңүүчү аталган. Мектепти аяктаган соң Дюссельдорфтогу дизайнерлик окуусун таштап, Нью-Йоркко жол тарткан. Хайди Клум айымдардын ички кийимин чыгаруучу "Victoria's secret" компаниясынын ишенимдүү моделдеринин бири болгонго жетишкен. Хайди мода дүйнөсүнөн жетишерлик атак алган соң популярдуулугун өз пайдасына колдоно алган. Бут кийимдерди, чач жасалгалоо үчүн каражаттарды, айрым моделдер жегенден корккон таттууларды, фаст-фудду жарнамалап келген. Атактуу немис улутундагы модель 2008-жылы "Форбс" журналынын изилдөөсүндө дүйнөнүн 15 эң бай моделдеринин тизмесине кирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан