Суусамыр жарманкеси жети жылдык тыныгуудан кийин кайра ачыла тургандыгы кабарланган. Суусамыр жарманкеси буга чейин Пишпек, Нарын, Олуя Ата, Наманган жана Анжыян уездеринин тогошунда өткөрүлүп турган. Жарманке жарлыгында соода-сатык мамилесин жандандыруу Советтик Түркстан үчүн эл аралык мааниси зор экендиги, ага Батыш Кытайдан да соодагерлер тартыла тургандыгы белгиленет.