Акын, жазуучу Анатай Өмүрканов Талас областындагы Манас районуна караштуу Чеш-Төбө айылында туулган.
Ал 1961-жылы Арал орто мектебин,1966-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун Тажик ССРинин Мургаб районундагы кыргыз орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
1971-жылдан "Советтик Кыргызстан" гезитинин редакциясында кабарчы, бөлүм башчы, 1986-жылдан "Кыргызстан" басмасынын көркөм адабияттар бөлүмүнүн башчысы, 1988-2000-жылдары "Адабият" басмасында башкы редактор, 2000-2006-жылдары Кыргызстан басмасында бөлүм башчы, башкы редактор, 2006-2007-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген.
2012-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аны Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу Кеңешине мүчө кылып шайлаган.
Акын Анатай Өмүркановдун туңгуч ырлар жыйнагы 1973-жылы "Мөлтүр сезим" деген ат менен Бишкекте жарык көргөн. Акындын ырлары ошондой эле орус тилинде басылып чыккан. Жыйырмага жакын поэтикалык жыйнактын автору, көптөгөн поэтикалык котормолордун авторлошу. 2016-жыл Тарых жана маданият жылынын урматына II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.