Кыргызстанда Мамлекеттик китепкана уюшулган. Жаңы уюшулган биримдикке Фрунзе борбордук китепканасы менен Мамлекеттик пландоого караштуу илимий китепканалар кошулган. Мамлекеттик китепканада адегенде 16 миң китеп сакталып, кийин алардын саны жылдан-жылга улам көбөйүп турган. Аталган китепканага 1938-жылы Николай Чернышевскийдин ысымы ыйгарылып, 1984-жылы В.И.Лениндин атын алып, 1990-жылдардын башында ал Улуттук китепкана болуп өзгөргөн.