4- Июнь 2003 -жылы
Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен келген Жорж Соростун сапары соңуна чыккан
Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен келген белгилүү финансист Жорж Соростун сапары соңуна чыккан. Ж.Сорос Бишкек шаарында орун алган Борбор Азиядагы Америка университетинин 10 жылдык салтанатына катышып, 150 бүтүрүүчүгө диплом тапшырган. Айтылуу филантроп Борбор Азиядагы Америка университетинин аймактагы кызматташтыкты арттырууга олуттуу салым кошорун белгилеп, андагы академиялык эркиндикти кубаттаган. Жорж Сорос бул жолку иш сапары маалында президент Аскар Акаев менен жолугушуп, алар университеттин студенттери үчүн курула турган жатаканага байланыштуу меморандумга кол коюшкан.