Чоң Чүй каналын казуу маалында маанилүү археологиялык ачылыштар жасалган. Айрыкча V-X кылымдарга таандык Византия жана Кытайдын шам чырактары, коло күзгүлөр менен бирге Орто Азиядагы эң ири нумизматикалык казынанын табылышы Кыргызстан аймагы Чыгыш менен Батыш маданияттарын бириктирүүдө олуттуу роль ойногондугун айгинелеген.