Советтик кинорежиссёр Абрам Роомдун "Согуш башталат" ("№ 5 Эскадрилья") аттуу тасмасы экранга чыгарылган. Тасмада Советтер Союзу менен фашисттик Германия ортосунда күтүлгөн согуш тартылган. Фильм эки өлкө ортосунда мамиле турукташканга чейин бир канча күн көрсөтүлүп, андан кийин экрандан алынып салынган.