Биринчилерден болуп 1908-жылы 21-апрелде Түндүк уюлга жеттим деп жар салган америкалык изилдөөчү Фредерик Кук туулган. 1906-жылы 16-сентябрда Мак-Кинли тоосунун чокусуна чыкканын да айткан. 1909-жылы Роберт Пири жана Куктун кээ бир кызматкерлери аны бул маалыматтарды жалган деп чыгышкан, бул талашуу азыркы күнгө чейин бүтпөй келет (2015).