13- Июнь 1966 -жылы
Орусиялык математик-окумуштуу Григорий Перельман туулган
Математикадагы Пуанкаре Гипотезасын далилдеген орусиялык математик-окумуштуу Григорий Перельман Ленинградда туулган.
1996-жылы Европа математикалык коомунунун сыйлыгына көрсөтүлгөн, бирок ал андан баш тартып койгон.
2002-жылы Григорий Перельман Уильяма Тёрстондун геометризациясынын гипотезасы тууралуу алгачкы новатордук ишин жарыялаган.
2006-жылы Пуанкаре Гипотезасы үчүн "Филдс медалын" алган. Ошол эле жылы Science журналы Пуанкаре Гипотезасын жылдын жаңырыгы деп атаган. Математика боюнча алгачкы жолу бул иш мындай атка татыктуу болгон.
2007-жылы The Daily Telegraph британиялык гезити боюнча Григорий Перельман 9-орунда болгон.
2010-жылы март айында Клэй математика институту Григорий Перельманды анын иши үчүн 1 миллион АКШ доллары менен сыйлаган.