Эң алгачкы жолу ПО-2 учагы ушул күндүн таңында Фрунзеден Нарынга багыт алган. Учкучтар бийик тоолуу Нарынга жетүү үчүн Балыкчы аркылуу кеткен аба жолун тандашып, Нарынга ийгиликтүү конушкан. Учкучтар Кыргыз обкомуна "Фрунзе-Нарын аба жолу ачылды" деп рапорт беришкен. Ошентип тоолуу аймакты борбор менен байланыштырган аба жолу ишке киргизилип, тоолуу районго медициналык жардам көрсөтүү, илим-билим жана маданий багыттагы байланыштар ыкчамдаган.