14- Июнь 1964 -жылы
Гаитинин президенти Франсуа Дювалье “түбөлүк президент” деп аталган
Гаитинин президенти Франсуа Дювалье “түбөлүк президент” деп аталган. Ал элин коркутуу максатында өзүн Гаитидеги эски сыйкырчы топтордун башчысы катары сүрөттөгөн. Алтургай Америкада Жон Кеннединин администрациясы Дювальени өкүмдарлык боюнча сындай баштаганда, Кеннединин турпатын элестеткен куурчакты ийне менен сайгылаган. Көп өтпөй Кеннеди өлтүрүлүп, анын өлүмү Дювальенин сыйкырынан улам болду дегендер чыккан.