Орусиянын Свердлов облусунун Серов шаарынын аэродромунан учуп чыккан Ан-2Р учагы дайынсыз жоголуп, 1 жылдан кийин саздан табылган. Иликтөөлөрдө мас болуп калган учкуч 12 кишини алып учуп чыгып, кырсыкка учурап, учактагылардын баары каза болгондугу билинген.