Советтер Союзунда чек ара аркылуу качкандар үчүн өлүм жазасы киргизилип, ал кыргызстандыктарга кесепетин тийгизген. Кыргыз калкы буга чейин Кытайга байма-бай каттап тургандыктан чек ара аймагына жакын жашаган калк үчүн мыйзам чарбалык эле зыян алып келбестен, алардын өмүрүнө коркунуч жараткан.