10- Июнь 1940 -жылы
Тянь-Шань облустук эмгекчил депутаттар кеңешинин кезектеги жыйыны өткөн
Тянь-Шань облустук эмгекчил депутаттар кеңешинин кезектеги жыйыны өткөн. Облустук эмгекчил депутаттар кеңеш жыйынынын күн тартибине бир маселе коюлган. Ал да айтылуу агартуучу, жомокчу жана санжырачы Тоголок Молдонун 80 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган майрамдык маселе болгон. Нарын шаарында өткөн майрамдык салтанатка Фрунзе шаарынан А.Токомбаев, В.Фере, А.Үсөбаевдер, Москва шаарынан И.Соколов-Микитовдор катышкан. Облустук эмгекчил депутаттар кеңеш жыйынында юбиляр Байымбет Абдрахманов сөз сүйлөп, майрамга келген конокторго кезектеги ыр түрмөгүнө кирген чыгармаларын тааныштырган.