5-чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков Ош областындагы Алай районунун Сопу-Коргон айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1973-жылы Ташкенттеги В.И.Ленин атындагы жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын, 1978-жылы Марксизм-ленинизм кечки университетин (Кечкемет ш., Венгрия), 1984-жылы М.В.Фрунзе атындагы Аскердик академияны (Москва ш.), 1989-жылы “Выстрел” жогорку офицердик курсун (Солнечногорск ш., РФ), 1996-жылы Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик академиясын (Москва ш.), 1998-жылы Эл аралык гуманитардык укук институтун (Сан-Ремо ш., Италия) жалпы аскердик командалык, жөө аскерлердин күжүрмөн машиналарын, бронетранспортерлорун жана автомобилдерин эксплуатациялоо, командалык-штабдык, оперативдүү-тактикалык; мамлекеттин аскердик коопсуздугу; куралдуу чыр-чатактар укугу адистиктери боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1973-1978-жылдары – мотоаткычтар взводунун жана ротасынын командири (Кечкемет ш., Венгрия);
1978-1981-жылдары – мотоаткычтар ротасынын командири, мотоаткычтар батальонунун штабынын начальниги жана мотоаткычтар батальонунун командири (Владимир-Волынский ш., Украина);
1981-жылдан тартып 1984-жылга чейин – М.В. Фрунзе атындагы Аскердик академиясынын угуучусу (Москва ш.);
1984-1992-жылдары – мотоаткычтар полкунун штабынын начальниги, полктун командири (бөлүмдүн начальниги), дивизиянын штабынын начальниги (штабдын базасынын начальниги) (Гвардейский шаарчасы, Семипалатинск ш., Казакстан);
1992-жылдын июлунан тартып 1995-жылга чейин – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын бөлүмүнүн начальниги, күжүрмөн даярдык башкармалыгынын начальниги, Башкы штабынын начальниги – коргоо министринин биринчи орун басары;
1995-1996-жылдары - Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскердик академиясынын угуучусу (Москва ш.);
1996-жылдан тартып 1999-жылга чейин – Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары.
2000-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Мамлекеттик коопсуздук маселелери боюнча комитеттин төрагасы. 2001-жылы КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын тышкы байланыштар, коопсуздук жана региондук өз ара аракеттенүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары.
Ал эми 2005-жылдын мартынан тартып 2008-жылдын майына чейин - Кыргыз Республикасынын Коргоо министри, 2008-жылдын майынан тартып октябрына чейин - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2010-жылдын апрелинен июнуна чейин - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөсү – Коргоо министри, 2010-жылдын 13-майынан тартып 21-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча социалдык, саясий жана экономикалык кырдаалды жөнгө салуу маселелери боюнча атайын өкүлү болгон.
2010-жылдын октябрында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү.
III даражадагы “Манас”, КМШ ПААнын “Содружество” ордендери, “Аскердик сиңирген эмгеги үчүн”, үч даражадагы “Кынтыксыз кызматы үчүн”, “Аскердик кызматташтыкты чыңдагандык үчүн” медалдары, эки жолу ысымы жазылган курал, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси, ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин Ардак грамотасы, ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын Ардак грамотасы, “Апрель Элдик Революциясынын Баатыры” атайын төш белгиси, ошондой эле көптөгөн медалдар жана грамоталар менен сыйланган.
“Генерал-лейтенант” аскердик наамы бар. Баткен жана Алай райондорунун ардактуу жараны. Ош технологиялык университетинин ардактуу профессору. Отуздан ашык илимий монографиянын жана макаланын автору.