Футболчу Алмазбек Мирзалиев Ош шаарында туулган. ОшМУнун дене тарбия жана спорт факультетин аяктаган. Алмазбек Мирзалиев 2003-жылы карьерасын Ош шаарындагы "Авиатор" клубунда баштап, 2007-жылы канттык "Абдыш-Атанын" курамына кошулган. Канттык клуб үчүн жүздөн ашык гол киргизген. 2013-жылы келишим аяктаган соң "Алай", 2015-жылдын январь айынан баштап (2015) "Дордой" клубунун чабуулчусу.