Ырчы, обончу Алтымыш Кадыров Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Орто-Мечит айылында төрөлгөн. 1980-жылдары “Сага”, “Балалык”, “Ак-Буура”, “Сени менен өмүр бир өтсүн” деген ырлары хит болгон. Ал 1990-жылдары өлкөгө таанылып, анын "Бактылуу болуп жашайлы", "Күн болуп...","Бере турчу бир тамчы", "Кечки Бишкек" деген ырлары ушул маалда чыгарылган.