3- Октябрь 1963 -жылы
ырчы Анапия Райымбекова туулган
Ырчы Анапия Райымбекова Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Улуттук филармониянын алдындагы эстрадалык 2 жылдык окуу жайын бүтүргөн. 2008-2013-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда билим алган. Алгач Ж.Шералиевдин "Мендеги ыйык махабат" жана А.Керимбаевдин "Сезимдеги ойлор" аттуу ырлары менен белгилүү болгон.